Айганыш Абдиева - Жаным, ай

 

Көздөрүңдөн жаным,
Күлгөнүңдөн жаным.
Бакыт, ай, барың, ай...
Сезип сүйүүнүн чексиз балын,
Тагдыр кезиктирген сага жаным.
Сүйдүм ай, сүйүүм, ай...

Кайырма:
Күндөр ай, күндөр ай,
Бакытка толгон жүрөк, ай,
Жаным ай, жаным ай.
Сен барда жашоом жаздай,
Сүйүүм таптаза ак кардай,
Сүйүүм ай, сүйгөнүм ай.

Аруу сезим бергеним ай,
Ак сүйүүнү сезейин ай.
Ак куудай, ажырабай...
Арзып келген белегим ай,
Түбөлүктүү тирегим ай
Багым ай, багым ай.

Сонунумсуң, жаным,
Согуп жүрөк дайым.
Сен деп ай, сен деп ай.
Түшүнгөнүм ар бир абалым,
Түйшүктүн жолун табарым,
Сүйдүм ай, сүйүүм ай.

Кайырма:

Жанр: Поп | | Теги: жаным, Ай, Айганыш, Абдиева
Просмотров: 217 | Загрузок: 0 | Рейтинг: 0.0/0
Еще песни
Всего комментариев: 0
avatar
close