Бурул Арунова-Сен деп таткан балым

 

Бурул Арунова
"Сен деп таткан балым"

Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Р.Алиевдики
Себелеп жамгыр сезимге,
Махабат гүлүн сепкендей.
Сезилет мага бир сүртүм,
Жомокто жашап кеткендей.
Бакытымды таптым мен өзүңдү эңсеп,
Кучагымды ачтым кубанычым эми сенсиң деп.

Кайырма:
Арзуу махабатым,
Арнайм сага жаным.
Сен деп сүйүп жашайм,
Сенсиз атпайт таңым.
Сенсиң махабатым,
Эңсеп сагынарым.
Сезим оттой жанат,
Сенде таткан балым.

Татымың кымыз гүлүндөй,
Тамшанып эңсеп сагынам.
Таалайым сага туш болуп,
Тагдырга эми багынам.
Бакытымды таптым мен өзүңдү эңсеп,
Кучагымды ачтым кубанычым эми сенсиң деп.
Жанр: Поп | | Теги: Арунова-Сен, Бурул, таткан, деп, Балым
Просмотров: 35 | | Рейтинг: 0.0/0
Еще песни
Всего комментариев: 0
avatar
close