Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова - Бакыт издедик

 

Бул өмүрдө ак сүйүү бир келет,
Ар жүрөккө бирден түгөй берет.
Ишене бергин жалган жашоодо,
Өзүңдү сүйгөн сезим өзгөрбөйт.

Билемин жаным ишениш керек,
Мындай сезимди жүрөк сезе элек.
Кыялдарымды өзүңө арнайм,
Жакшы тилектер кепилдик берет.

Кайырма:
Сен, мен бакыт издедик,
Тандап кимди сүйбөдүк.
Бакыт дайыма жанаша,
Жүрсө неге сезбедик.

Махабатыбыз ынтымак берсин,
Бакыттын дамын жүрөктөр сезсин.
Сүйүүнүн күчү күн өткөн сайын,
Салкындап кетпей, эселеп өссүн.

Жан шерик издеп, ак сүйүү таптым,
Көп жигиттерден бир өзүң жактың.
Түбөлүк сүйөм, сага сөз берем,
Жөлөгүм сенсиң, таалайым, бактым.

Кайырма:

Жанр: Поп | | Теги: null, бакыт, Садыбакасова, Насип, Сайкал, издедик, Нурлан
Просмотров: 126 | Загрузок: 0 | Рейтинг: 0.0/0
Еще песни
Всего комментариев: 0
avatar
close