Нурлан Насип - Туулган күнүң менен

 

Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Тулпар минген оо, жаштыктын,
Арбытат жолдорун жылдардын.
Түшүнүп кайрылбас күндөргө,
Муң кошуп бул ырды мен ырдаймын.
Тизгинин тартамын жаштыктын,
Ал жетпейт адбырып барамын.
Туулган күн кече эле өткөндөй,
Бүгүн кайра тосуп мен турамын.

Кайырма:
Куйгула досторум шараптан,
Ой басып, буулугуп мен баратам.
Билемин себепкер мезгил го,
Дайрадай шар аккан,
Дайрадай шар аккан,
Дайрадай күчү зор шар аккан.
Себеле, себеле, себеле ак жамгыр
Билинбей кошулду го дагы бир жыл
Энекем үчүн деп мен бүгүн
Ырдаймын жаңы ыр, ырдаймын жаңы ыр.
Ырдаймын мен бүгүн жаңы ыр.

Анда мен жаш кезде ой менен,
Өтүптүр көп күндөр той менен.
Туулган күн белгилеп мен бүгүн,
Армансыз жаштыкты кое бергем.

Кайырма:

Жанр: Поп | | Теги: Поп, Туулган, менен, Нурлан, Насип, күнүң
Просмотров: 116 | Загрузок: 0 | Рейтинг: 0.0/0
Еще песни
Всего комментариев: 0
avatar
close