Сайкал Садыбакасова - Ашыгыма

 

Толкунга чимирилген көлдүн жээги,
Томсортуп, тоноду го тагдыр мени.
Жалгызмын уч-кыйыры жок бул дүйнөдө,
Жалынып чакырсам да таппайм сени.

Кайырма:

Бул жашоого бир келсем да,бир кетсем,
Анан мынтип ашыгыма жетпесем.
Анда сенин барың кайсы Жараткан,
Бул дүйнөнү бир кем кылып жаратсаң?

Алмашкыс түгөйүнөн ажыраган,
Армандуу күйүтүнөн көктү айланган.
Ак куудай боюм көлгө ургум келет,
Азабын бул сүйүүнүн көтөрө албай.

Кайырма:

Жанр: Поп | | Теги: Садыбакасова, null, Ашыгыма, Сайкал
Просмотров: 667 | | Рейтинг: 0.0/0
Еще песни
Всего комментариев: 0
avatar
close