Сайкал Садыбакасова - Бала чагым

 

Сөзү : М.Тургандыкы

Обону : М.Тургандыкы

Бардык адам бала болгон,
Балалыкты эстейли.
Таза жүрүп кыт-кыт күлгөн,
Балалыктын элеси.

Кайырма:
Бала чагым өттү-кетти,
Кайрылбас ал эч качан.
Жүрөктөргө толду го,
Сагынычтар сыздаган.
Келечекти элестетип,
Бирге отурган партада,
Курбуларым, келгиле,
Чогулалы мектепке.

Мезгилдердей кубалашып,
Билим алдык күнү-түн.
Алма бактуу мектебибиз,
Алтын сарай биз үчүн.

Кайырма:

Балалыкты эске алып,
Чогулалы, курбулар.
Урмат-сыйга бөлөнүшсүн,
Эжекелер, агайлар. Маалыматты өзгөртүү

Жанр: Поп | | Теги: null, Бала, Садыбакасова, чагым, Сайкал
Просмотров: 322 | | Рейтинг: 0.0/0
Еще песни
Всего комментариев: 0
avatar
close