Сайкал Садыбакасова - Эстедим

 

Ээрчишип экөөбүз жаздагы таңда,
Чачтарың сеңселип жазгы шамалга.
Жылмайган жүзүңдөн жылдыз жанганда,
Сага ашык болгонумду ыйлап эңседим.
Сенден алыс жалгыздыктан азап тартканда,
Майда, майда басканыңды ыйлап эстедим.

Кайырма:
Эстедим, эстедим
Сагынып сени эстедим.
Эстедим, эстедим
Сагынып сени эстедим. 

Күн өтүп, ай өтүп, алмашты жылдар,
Жылдардын арасында кайгы-муңу бар.
Ортобузга нөшөрлөп жааган аппак кар,
Жазды эңсеп ыйлаарыңды жаным эстедим.
Кусалыкта жанчыламын сыздап муңкана
Башкага жар болгонуңду ыйлап эстедим.

Кайырма:

Элестеп ар дайым ошол сезимди,
От болуп удургуйт назик көңүлдө. 
Жүрөктө айыкпаган арман, кайгылар,
Ал бактылуу күндөрүмдү сыздап эстедим.
Сынды сүйүү күзгүлөрү, сынды махабат,
Жараланган жүрөгүмдү тыңшап эстедим.

Кайырма:

Жанр: Поп | | Теги: Садыбакасова, null, Эстедим, Сайкал
Просмотров: 63 | Загрузок: 0 | Рейтинг: 0.0/0
Еще песни
Всего комментариев: 0
avatar
close