Сайкал Садыбакасова - Эстей жүр (New version)

 

Бардыгы жалган тура бул дүйнөдө,
Турмушта да, сүйүүдө да, үй-бүлөдө.
А мен болсо жалындап күйүптүрмүн,
Ишенип, ишенип, ишенип мен өзүңдү сүйүптүрмүн.

Мейли күл, мейли шылдың кылсаң дагы,
Жактырбай терс бурулуп кетсең дагы,
Унутпачы, ал кездерди эстей жүргүн.
Бул ырды, бул ырды, бул ырды,
Сени сүйгөн бир кыз жазды.

Кош эми кош болгунуң, бактылуу бол,
Каалаймын чын жүрөктөн сага ак жол.
Сүйбөгөнгө сүйкөнбөгүн деген сөз бар,
Мага да, мага да, мага да табылар го өмүрлүк жар.
А мен болсо жалындап күйүптүрмүн,
Ишенип, ишенип, ишенип мен өзүңдү сүйүптүрмүн.

Жанр: Поп | | Теги: null, Эстей, Сайкал, Садыбакасова, (New, Version), жүр
Просмотров: 60 | Загрузок: 0 | Рейтинг: 0.0/0
Еще песни
Всего комментариев: 0
avatar
close