Сайкал Садыбакасова - Сүйкүм элес

 

Азыр сен алыстасың, менден узап,
Арадан өтсө дагы канча убак.
Элесиң эстен кетпей туруп алды,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?

Табылып бактысына, таалайына,
Табылдың кандай жандын маңдайына?
Кыйналып жүргөнүмдү сездиң бекен,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?

Сезимди сооротомун, унуттум деп,
А бирок, чындыгында, андай эмес.
Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы,
Жүрөгүмдө жашай берет,
Жашай берет сүйкүм элес.

Жанр: Поп | | Теги: Сайкал, Садыбакасова, Сүйкүм, null, элес
Просмотров: 695 | | Рейтинг: 0.0/0
Еще песни
Всего комментариев: 0
avatar
close