Сайкал Садыбакасова - Уркуя

 

Ак жоолук салып башына,
Ак көйнөк кийип буралган.
Аялдын эле асылы,
Убада сөзгө тура алган.
Акылгөй болуп элине,
Алдыңкы чарба кураган

Кайырма:

Уркуя – ыйык энебиз,
Эмгегин даңктап келебиз.
Уркуя – баатыр энебиз,
Өмүрүн даңктап келебиз.

Элим деп жанын аябай,
Мээнетин элге үрөгөн.
Курууга жаңы заманды,
Тайманбай элди сүрөгөн.
Таамай сөз, тайбас мүнөзүн,
Мырзалар баалап, сүрдөгөн.

Кайырма

Кырчындай жапжаш кезинде,
Канкорлор кыйды өмүрүн.
Аз жашап, бирок баркталган,
Атагы калды эл үчүн.
Арманда кеткен асылды,
Унутпайт кыргыз эл бүгүн.

Кайырма:

Жанр: Поп | | Теги: Сайкал, Садыбакасова, Уркуя, null
Просмотров: 93 | Загрузок: 1 | Рейтинг: 0.0/0
Еще песни
Всего комментариев: 0
avatar
close