Сайкал Садыбакасова - Ыйлатпачы

 

Текст:

Канча жолу ыйлабаймын десем да,
Тагдыр мени сынаганын койбоду.
Таштабайм деп убадаңды берсең да.
Буйрубады бизге турмуш жолдору.

Кайырма:
Ыйлатпачы, ыйлатпачы,
Ансыз деле ыйлап жүрөм.
Кыйнабачы, ырбатпачы,
Жаратымды муңдан бүткөн,
Ыйдан бүткөн.

Бул тагдырдын таш боорлугун карачы,
Бир-бирине ашыктарды кошпогон.
Менден жаным өзүңдү алып качпачы,
Таба аламбы эми сага окшогон?

Кайырма:

Болбосо дейм биздикиндей тагдырлар,
Кол кармашып сүйүү балын ичпедик.
Жаратымды мезгил гана дарылаар,
Ал күндөрдү кала берем эскерип.

Кайырма:

Жанр: Поп | | Теги: Ыйлатпачы, null, Сайкал, Садыбакасова
Просмотров: 574 | | Рейтинг: 5.0/1
Еще песни
Всего комментариев: 0
avatar
close