Сайкал Садыбакасова - Жалгызым, ай

 

Арзуу толгон жүрөгүм акмалап карааныңды,
Сага карай шашылам көрүүгө жамалыңды.
Санаага салбастан, билдирчи кабарыңды,
Асылым, ай, сени самай, 
Карагат көздөрүңдү сагындым, ай.
Күттүм далай жолуң карай, 
Жалгызым, бир өзүңдү сагындым, ай.

Бир кездерде тагдырым кубантып бакыт сунган,
Жаркылдаган жүзүңдөн ажарың жанып турган.
Экөөбүздүн сүйүүбүз дайрадай агып турган,
Асылым, ай, сени самай, 
Карагат көздөрүңдү сагындым, ай.
Күттүм далай жолуң карай, 
Жалгызым, бир өзүңдү сагындым, ай.

Асылым, ай, сени самай, 
Карагат көздөрүңдү сагындым, ай.
Күттүм далай жолуң карай, 
Жалгызым, бир өзүңдү сагындым, ай

Жанр: Поп | | Теги: Садыбакасова, null, Ай, Сайкал, Жалгызым
Просмотров: 56 | Загрузок: 0 | Рейтинг: 0.0/0
Еще песни
Всего комментариев: 0
avatar
close