Жеңишбек Айтиев - Жалал-Абад

 

Жаштардын шаары – Жалал-Абад,
Күн өткөн сайын жашарат.
Түгөнбөй ырдай берүүчү,
Ырларым сага арналат.

Жалал-Абад – менин күнүм,
Жалал-Абад – сенин күнүң.
Келсең, курбум көрөсүң,
Жалал-Абад шаарын бүгүн,
Мына бүгүн.

Кечинде деле Жалал-Абад,
Көркөмү сонун кулпурат.
Жагымдуу ырлар ырдашып,
Кыз-жигит бирге үн салат.

Кайырма:

Жашарат шаарым жыл менен,
Бүтө албайм мактап ыр менен.
Бул шаардын сулуу кыздары,
Ачылган кызыл гүлгө тең.

Кайырма:

Жанр: Поп | | Теги: Жеңишбек, Жалал-Абад, Айтиев
Просмотров: 123 | Загрузок: 0 | Рейтинг: 0.0/0
Еще песни
Всего комментариев: 0
avatar
close