БИЗ тобу - Ай айланат жай

 

Текст:

Таңдан кечке, кечтен таңга чейин,
Эңсөө менен элесиң издейм.
Сен ким элең?

Куса боло, көңүлдөн дегдейм,
Кумарлана жомоктон издейм.
Сен ким элең?
Неге мынча күч келди билбейм 
Маңдайыма жазган сыр го дейм.

Сен ким элең?
Жылмайган таң белең,
Башкача жан белең.

Ай айланат жай,
Зар болом сага,
Айдын кулундай келемин кайра.
Ай айланат жай,
Зар болом сага,
Айдын нурундай жабылчы мага.

Тун сезимде, ак сүйүүң менен,
Келчү жандай сезилесиң сен.
Сен ким элең?
Сезим билер назик үн менен,
Жан эргитер асыл кыз белең.
Сен ким элең?
Жылмайган таң белең,
Башкача жан белең.

Жанр: Ретро | | Теги: Ай, айланат, БИЗ, жай, ТОБУ, null
Просмотров: 137 | Загрузок: 0 | Рейтинг: 0.0/0
Еще песни
Всего комментариев: 0
avatar
close