БИЗ тобу - Айыбым, не?

 

Текст:

Чумкунган ойлорумда,
Умтулган жолдорум да,
Өзүң, өзүң.
Чынжырлуу үмүтүм да,
Чыдамкай күйүтүм да.
Өзүң, өзүң.

Аккуудай таңдарымда,
Асылым, арманым да,
Өзүң, өзүң.

Кыйналып жүргөнүм да,
Кыйкырык үндөрүм да,
Өзүң, өзүң.

Айбым, айыбым, айбым не?
Мынчалык мен сага зарыктым не?
Өзүңсүз жашоодон үмүтүм жок,
Мынчалык мен сага багындым не?

Сүйүүмдүн тарыхы да,
Күлкүсү, кайгысы да,
Өзүң, өзүң.

Мурдагы, азыркы да,
Келерки барагы да,
Өзүң, өзүң.

Борошон ырларым да,
Бошонгон сырларым да,
Өзүң, өзүң.

Алсырып жүргөнүм да,
Ак дилден сүйгөнүм да,
Өзүң, өзүң.

Жанр: Ретро | | Теги: ТОБУ, null, Айыбым, БИЗ, не?
Просмотров: 62 | Загрузок: 2 | Рейтинг: 0.0/0
Еще песни
Всего комментариев: 0
avatar
close