БИЗ тобу - Ак кар

 

Текст:

Жаап жаттың, эске салдың,
Ошондогу махабатым, аппак кар.
Жан дүйнөмдү курчап алдың,
Кубаттадың алсыз жаным, аппак кар.
Сезимимди ойготконсуң,
Жүрөгүмдү толготконсуң, аппак кар.
Үмүтүмө үмүт кошчу,
Жаай берчи, токтобочу, аппак кар.

Кайырма: 
Ак кар, ак кар,
Сенде балалык сезим бар.
Сенде тазалык сезим бар,
Сенде бар, бакыт кени бар.
Ак кар, ак кар,
Сенде ак сүттүн жүзү бар.
Сенде ак тилек, сүйүү бар,
Сенде бар, жашоо, үмүт бар.

Ишенемин узатарда,
Сагынганда, саргайганда,
Аппак кар.
Сен келесиң, дем бересиң,
Наристедей тогуз айда,
Аппак кар.
Азыр мына сен жанымда,
Көз уялтып айланамда,
Аппак кар.
Мени менен кошо жүрчү,
Аз да болсо өмүр сүрчү, аппак кар.

Жанр: Ретро | | Теги: Кар, null, ТОБУ, АК, БИЗ
Просмотров: 83 | Загрузок: 0 | Рейтинг: 0.0/0
Еще песни
Всего комментариев: 0
avatar
close