БИЗ тобу - Аппагым

 

Текст:

Адыр-адыр тоолордо жүргөндүгүм, аа,
Акылымдан адашып сүйгөндүгүм, аа.
Сезимдердин сезилер назик кылдары,
Ошол адыр тоолордун ак гүлүндөй, аа.

Кайырма:
Аппагым, ай, аппагым, аппагым менин,
Айлап, жылдап, кылымдап тапканым менин.
Алтынга да, айга да, күнгө да эми,
Алмаштыра албаймын, аппагым сени.

Бийик-бийик тоолордо жүргөндүгүм, аа,
Бийиктигин талашып сүйгөндүгүм, аа.
Ойлогонум, ойлорум, күлүк ойлорум,
Ошол бийик тоолордун ак карындай, аа.

Кайырма:

Махабаттын ак жолун баштаганым, аа,
Кадамдарым алыска таштаганым, аа.
Калем-калем кашыңды, чийме кашыңды,
Чыбыгына чырмалып калгандыгым, аа.

Кайырма:

Мокок болуп далайга жүргөндүгүм, аа,
Мончок, кара көзүңдү сүйгөндүгүм, аа.
Мажүрүм тал көлөкөлөп кылымдар аккан, эй,
Ак тилегим Ак-Бууранын тилегиндей аа.

Кайырма:

Жанр: Ретро | | Теги: Аппагым, null, ТОБУ, БИЗ
Просмотров: 97 | Загрузок: 0 | Рейтинг: 0.0/0
Еще песни
Всего комментариев: 0
avatar
close