БИЗ тобу - Поезддеги махабат

 

Текст:

Кайырма:
Ылдам, ылдам, ылдам,
Поезд жүрүп барат.
Сизге болгон сүйүүм,
Кайра күчөп барат.

Эстеймин ошол түндү,
Поездге бирге барган.
Жиби жок өзүңүзгө,
Билдирбей байлап алган.

Улгайган жашын билем,
Уланды сүйүү деген.
Киргенче купеңизге,
Каткырып күлкү менен. 

Кайырма:

Коңшулаш купедеги,
Бейтааныш сизди күтөм.
Чыкпайсыз түн ортосу,
Аны мен жакшы билем.

Айта албай саламымды,
Таанышпай каламынбы?
Кара көз карындашым,
Көрсөтчү карааныңды.
Кайырма:

Ал жерде көпкө күткөм,
Махабат көлгө чөккөм.
Айтылбас бул сырларым,
Ыр болуп канат бүткөн.

Жалжал көз карындашым,
Кош эми жаздын деми.
Эстей жүр ырдаганда,
Сүйгөнүн агаң сенин.

Кайырма:

Жанр: Ретро | | Теги: Поезддеги, ТОБУ, null, БИЗ, махабат
Просмотров: 105 | Загрузок: 0 | Рейтинг: 0.0/0
Еще песни
Всего комментариев: 0
avatar
close