БИЗ тобу - Сентябрь айы

 

Текст:

Иштер менен жүрө берип кармалыпмын,
Узатуудан кечигипмин сени, жаным.
Жазды эңсеп келдим эле, жаңылыпмын,
Тосуп алды жылуулугу сентябрдын.

Кайырма: 
Сентябрь айы көөдөндө калды,
Күздөй сапсары санаага салды.
Мезгилди сына, мемиреп укта,
Мен кайда калдым, сен кайда калдың?.

Кыя албай улам жолду карадыңбы?
Айтайын деп ойлоруңду самадыңбы?
Жазды эңсеп келдим эле, жаңылыпмын,
Жаап жатты санаалары сентябрдын.

Кайырма: 

Жазды эңсеп, күздө турам, сагынамын,
Сансыз ойго чөмүлөмүн, малынамын.
Сезимдерди сайгылаган сентябрдын,
Кайрыгына алсыз гана багынамын.

Кайырма: 

Жанр: Ретро | | Теги: айы, сентябрь, БИЗ, ТОБУ, null
Просмотров: 141 | | Рейтинг: 0.0/0
Еще песни
Всего комментариев: 0
avatar
close